Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

Эки колунан айрылган жоокерге жардам чогултуу үчүн эсеп ачылды


Руслан Сапарбаев.
Руслан Сапарбаев.

Майлы-Суу шаарында кызмат учурунда токко урунуп, эки колу кесилген жоокер Руслан Сапарбаевге каражат чогултуу үчүн атайын эсеп ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында эсеп “Элсом” электрондук капчыгынан, жабырлануучунун апасы Венера Сейталиеванын атына бекилди. Номери +996 707 75 00 80. Бул номерге которулган каражаттар жоокердин дарылануусуна жумшалат.

Абдирасулова жоокер энеси менен чогуу батирде жашарын, үйү жоктугун, мамлекеттен турак жай өндүрүү маселеси да каралып жатканын билдирди.

№30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Сапарбаев 8-августта кезмет учурунда токко урунган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго кол салып алганын билдирген. Аскер прокуратурасы факты боюнча иликтөө иштерин алып барууда.

Сапарбаевге дарыгерлер эки жолу операция кылып, эки колун тең чыканагына чейин ампутация кылышкан. Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунда дарыланып жаткан жоокердин абалы оор, бирок туруктуу деп бааланып жатат.

Руслан Сапарбаев - Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, ал быйыл жазында аскерге чакырылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG