Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Аянтта Айтматов жөнүндө маалыматтар ката жазылган


Чыңгыз Айтматов.
Чыңгыз Айтматов.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында орнотулган такталарда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө маалыматтар ката жазылганы социалдык тармактарда жарыяланып, кызуу талкууга түштү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бир тактада эле бир нече грамматикалык ката кеткенин тастыктап, алар түндө оңдолгонун “Азаттыкка” маалымдады.

Ала-Тоо аянтында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алдында анын өмүр баяны, чыгармачылыгы жөнүндө жазылган такталар орнотулган.

Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Кыргызстандын Талас өрөөнүндө төрөлгөн. Дүйнөгө белгилүү жазуучу 2008-жылы дүйнөдөн кайткан. Көзү тирүү болсо, быйыл 90 жашка чыкмак. Айтматовдун чыгармалары 200гө жакын тилге которулган.

Залкардын 90 жылдыгын эскерүү мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде өтүп, бир катар өлкөлөрдө белгиленүүдө.

Жазуучунун урматына "Азаттык" радиосу окурмандар, угармандар, көрөрмандар арасында "Мен билген Айтматов" аттуу сынак жарыялап, ал үчүн атайын мини сайт ачылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG