Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Орусияга каршы АКШнын санкциялары күчүнө кирди


Инсталляция.
Инсталляция.

Скрипалдардын ууландырылышына негиздеп Кошмо Штаттардын Орусияга каршы киргизген санкциялары 27-августта күчүнө кирет. Жаза чаралары АКШ өкмөтүнүн расмий журналы болгон Федералдык реестрде жарыяланды.

Анда Орусияга азык-түлүк, айыл чарба товарларын, ошондой эле насыя же насыяга кепилдик берүүдөн баш тартуу каралган.

Мындан тышкары курал же коргонууга жарай турган кайсы гана шайман болбосун сатууга болбойт. Ошол эле учурда «улуттук коопсуздук кызыкчылыгы үчүн» космос тармагындагы кызматташтыкка чек коюлган эмес.

Мындан тышкары, жакынкы бир нече айда Москва химиялык жана биологиялык куралды колдонбосуна кепилдик бербесе дагы санкция топтому жарыяланары эскертилет. Анын ичинде «Аэрофлот» компаниясынын АКШга учушуна тыюу салынып, соода алакалары эң төмөнкү деңгээлге түшүрүлүшү ыктымал.

Быйыл март айында Британиянын Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль кызы Юлия экөө ууландырылган. Лондон алар СССРде жасалган «Новичок» тобундагы затка ууландырылганын аныктап, буга орус бийлигин айыптап чыккан. Кремль бул боюнча дооматтарды четке кагып жүрөт. Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү жана АКШ Лондондун бүтүмүнө ишеним артууда.

Буга чейин Вашингтон "АКШдагы шайлоого кийлигишкен" деген божомолдорго, Украинадагы Москванын агрессиясына, Сириядагы турумуна байланыштуу Орусияга каршы экономикалык санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG