Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

УКМК кара байрак тагып алган автоунааларды аныктады


Кара байрак көтөргөндөр. Сүрөт Интернеттен алынды.
Кара байрак көтөргөндөр. Сүрөт Интернеттен алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ички иштер министрлиги менен кошо ыкчам издөө иштерин өткөрүп, кара желек илип алган үч автоунааны кармаганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, автоунаанын кожоюндары “CERBER AVTO CLUB” деп аталган авто борборунун мүчөлөрү болушкан. Алар Беловодск айылындагы балдар интернатына кайрымдуулук иштери боюнча баратышкан.

УКМКнын кызматкерлери аталган айдоочуларга тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдар ассоциация болуучу атрибутикаларды колдонууга жол берилбеши керек экенин түшүндүрүшкөн. Учурда бул факт боюнча материалдар Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.

Буга чейин дагы Интернетте арабча «Кудай» деп жазылган кара байракты желбиретип кетип бараткан автоунаанын видеосу жарыяланып кызуу талкуу жараткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG