Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:07

Азиада-2018: Жеңил атлет Дарья Маслова алтын байге алды


Кыз-келиндер арасында 10 миң метрге чуркоодо жеңүүчү болгон Дарья Маслова. 25-август, 2018-жыл. Индонезия.
Кыз-келиндер арасында 10 миң метрге чуркоодо жеңүүчү болгон Дарья Маслова. 25-август, 2018-жыл. Индонезия.

Кыргызстандык жеңил атлет Дарья Маслова ушул күндөрү Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 10 он миң метрге чуркоодо алтын медаль тагынды.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак жарыш бүгүн, 25-августта өттү. 10 миң метр аралыкты Маслова 32:07.23 убакытта чуркап өткөн. 2-орунду бахрейндик жөө күлүк Сумма Еунисе (32:11.12), 3-орунду Кытайдын өкүлү Жанг Дешун (32:12.78) алды.

Алдыда Маслова 28-августта дагы 5000 метрге жарышка чыгат. Дарья Маслова 23 жашта. Былтыр 2017-жылы Азия чемпионатында 5000, 10000 метрге чуркап, эки алтын медаль тагынган.

Ушуну менен Азия оюндарындагы Кыргызстандын эсебине 11 байге жазылды.

Буга чейин Кыргызстандын спортчулары бир алтын, төрт күмүш жана беш коло байге алышкан. Медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 17-орундан 15-орунга көтөрүлдү. (ECh).

Байге уткан балбандар кайтып келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

XS
SM
MD
LG