Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Баткенде 46 чакырым каналдын курулушу башталды


Канал курулушу башталган учур. 24-август, 2018-жыл.
Канал курулушу башталган учур. 24-август, 2018-жыл.

Баткен районунда 46 чакырымдык каналдын курулушу башталды.

Ал Дара жана Төрткүл айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы 1500 гектар жаңы жерди өздөштүрүү үчүн курулууда. 24-августта казыла баштаган каналга Кытайдан кайтарымсыз грант түрүндө берилип жаткан 500 млн. сом сарпталат.

Облустук бийликтин маалымат кызматы билдиргендей, иштин жүрүшүндө Баткен районунун аймагында алгач 12 км. узундуктагы мурдагы канал оңдолуп, 4 км. магистралдык канал, 30 км. чарбалык кичи каналдар курулат.

Үч жылга пландалган жумушта иштегендерди 80% жергиликтүү тургундар. Жөнөкөй жумушчулар 15 миң сом, айдоочулар 28 миң сомго чейин маяна алышат.

Долбоор өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Суу чарба департаментинин сунушу менен Мамлекеттик капиталдык курулуш программасына кирген. 2017-жылдын 21-июлунда №440 токтом менен бекитилген.

Расмий маалыматка караганда, курулуш аяктаса, учурда секундасына 2,5 метр куб агып жаткан суунун сыйымдуулугу 4,5 кубка жетип, бир жарым миң гектардай кайракы жер өздөштүрүлөт. (JsA)

XS
SM
MD
LG