Украинанын чыгышындагы Крым айылынын аймагындагы 23-августтун таңыда башталган украин жоокерлери менен жикчилдердин ортосундагы кармаштар басаңдап калды. Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин өкүлү Дмитрий Гуцуляк билдирди. Анын айтымында, таң эрте аскерлерге кол салган куралдуу жикчилдер Бахмут жолундагы кароол бекеттерди ээлеп алууга аракеттенген. Кармаш учурунда беш жоокер каза тапкан.
БУУнун билдирүүсүндө, Украинанын чыгышында чатак башталган 2014-жылдан бери 10 250 киши өлүп, 24 600 адам жарадар болгон.
Европа Биримдиги, АКШ жана башка мамлекеттер Орусиянын Крымды аннексиялап алганына жана 10 миң адам өлгөн Украинанын чыгышындагы согуштагы ролуна байланыштуу санкцияларды киргизген. Кремл өзүнө коюлган дооматтардын баарын четке кагып келет.