Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Сооронбай Жээнбеков: Апрель окуясына илимий баа берилиши керек


Президент Сооронбай Жээнбековдун “апрелчилер” менен жолугушуусу. 22-август, 2018-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбековдун “апрелчилер” менен жолугушуусу. 22-август, 2018-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы апрель окуяларына баа берилип, илимий эмгек жазылышы керек деп белгиледи. Бул тууралуу ал өзү 22-августта сегиз жыл мурдагы окуяларда курман болгондордун жакындары жана анда жабыр тарткандар менен жолугушуу учурунда айтты.

Президенттик аппарат кабарлагандай, жыйында мамлекет башчы 2010-жылдагы окуялар өлкөнүн тарыхы экенин, аны эч ким бурмалай албасын белгиледи.

“Чыныгы баатырлар мамлекеттин тарыхында калышы керек. Бул окуялар өлкөнүн билим берүү системасынын тарых боюнча окуу китептеринде чагылдырылып, илимий баа берилиши керек”, - деди президент Жээнбеков.

Жолугушууга 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Жыйында апрель окуяларынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов бардык “апрелчилердин” атынан жабыр тарткандарды жок дегенде жарым жылда бир жолу медициналык кароодон өткөрүүнү өтүндү. Ал жарадар болгондордун көбү тиешелүү медициналык жардамды ала албай жүрүшкөнүн айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылдагы окуяларда жабыркагандарга жана анда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө дайым мамлекет көңүл буруп, колдоо көрсөтөрүн белгиледи.

Комиссиянын курамына министрликтердин, мекемелердин жетекчилери, өкмөт аппаратынын кызматкерлери, “Мекен шейиттери”, “Эр Теги”, “Апрель Баатырлары”, “Айкөл Ала-Тоо”, “Апрель. Элим. Кыргызстан”, “Айкөл Таза Коом” жана “Апрель Баатырлар Биримдиги” коомдук бирикмелеринин мүчөлөрү кирет. Комиссияны төрагасы болуп вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бекитилген.

2010-жылы апрель окуяларына Сооронбай Жээнбеков өзү да катышкан, ал ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп иштеп турган. (ErN)

XS
SM
MD
LG