Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:13

Азиада-2018: Иззат Артыков коло байге алды


Иззат Артыков.
Иззат Артыков.

Кыргызстандык оор атлет Иззат Артыков ушул күндөрү Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында коло байгеге ээ болду.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Артыков бүгүн, 22-августта 69 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынады. Ал булкуп көтөрүүдө 147, түртүп көтөрүүдө 182 килограмм оордуктагы штанганы көтөрүп, жалпы 330 кг. оордукту багынтуу менен 3-орунга жайгашты.

Бул салмакта 1-орунду түндүк кореялык О Каң Чоль (336 кг.) ээлесе, күмүш байгени өзбекстандык Достон Йокубов (331 кг.) алды.

Иззат Артыков - Азия чемпиону (2016-ж.). 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн жайкы Азия оюндарында 5-орунду ээлеген. 2016-жылы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өткөн жайкы Олимп оюндарында 3-орунду алып, канынан кызытма болуп эсептелген стрихнин заты чыкканына байланыштуу сыйлыгынан кол жууган. Буга байланыштуу эл аралык спорттук арбитраждык соттун чечими менен Артыков эл аралык мелдештерден эки жылга четтетилген. Тыюу салуу мөөнөтү 9-августта аяктап, Азия оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Артыковдун байгеси менен Азия оюндарында Кыргызстандын эсебине жети медал чогулду. Балбандар Магомед Мусаев, Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков күмүш, ал эми Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана Амантур Исмаилов коло байгеге ээ болушту. Суучул Денис Петрашов 5-орун алды. (SDz)

XS
SM
MD
LG