Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Олег Сенцов орус түрмөсүндө ачкачылык кармаганына 100 күн болду


Олег Сенцовдун абактагы сүрөтү. 9-август, 2018-жыл.
Олег Сенцовдун абактагы сүрөтү. 9-август, 2018-жыл.

Орусия каратып алган Крымдагы террорчулук тууралуу иш боюнча айыпталып, 20 жылга абакка кесилген украин режиссеру Олег Сенцов 100 күн мурун мөөнөтсүз ачкачылык баштаган. Ал орус түрмөлөрүндөгү украиналык саясий туткундарды бошотууну талап кылып жатат.

Бүгүн Орусиянын бир нече шаарларында, Украинада жана бир катар өлкөлөрдө Сенцовго тилектештик билдирген акциялар өтөт. Чех киноматографисттери Сенцовго колдоо көрсөтүш үчүн «чынжырлашкан» ачкачылык башталганын жарыялашты.

Сенцовдун энесинин уулуна ырайым берүүнү суранып президент Владимир Путинге жиберген өтүнүчүн 14-августта Кремль четке какты. Президенттин администрациясы Сенцов өзү Путинге ырайым сурап кайрылмайынча, өтүнүч каралбай турганын айтып жооп кайтарган.

Режиссердун Москвада жашаган бөлөсү Наталья Каплан 8-августта "Фейсбуктагы" баракчасына Сенцов түрмөдөн адвокаты аркылуу кат берип жибергенин, анда “абалым өтө начар” деп жазганын чыгарган.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын Ямало-Ненецк автоном округу боюнча башкармалыгы Сенцовдун абалын “канааттандырарлык” деп баалап, “анын негизги органдарынын иштөөсүнө көмөктөшө турган дарылоо” жүрүп жатканын билдирди.

Сенцов 14-майдан бери Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө ачкачылык кармап отурат.

XS
SM
MD
LG