Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:58

Пакистандын жаңы премьери экономиканы өнүктүрүүгө убада берди


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистандын премьер-министри болуп кызматына киришкен Имран Хан мамлекеттик чыгымдарды азайтып, коррупцияны жеңүүгө убада берди. Бул тууралуу жаңы премьер-министр элге алгачкы кайрылуусунда билдирди.

Өкмөт башчылыгына келген мурдагы крикет оюнчусу Хан "Пакистанды жакырларды колдоого алган мыкты өлкө катары көргүм келет” деп айтты.

Ал 192 миллион адам жашаган өлкөдө байлар менен жакырлардын ортосунда ажырым жылдан жылга чоңоюп баратканына өкүнөөрүн жашырган жок.

Хан үнөмдөө саясатын жүргүзүп, учурда Пакистандын 95 миллиард доллардан ашык тышкы карызын азайтууга аракет кыларын белгиледи.

Ошондой эле сыртта жүргөн пакистандыктарга кайрылып, акчасын өз мекениндеги банктарга сактоо менен Пакистандын учурдагы финансылык абалын жакшыртууга жардам берүүгө чакырды.

Имран Ханды 17-августта Пакистан парламенти премьер-министр кылып шайлаган. Хан парламенттин 343 орундуу төмөнкү палатасында 176 добушка ээ болгон эле.

XS
SM
MD
LG