Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:32

Беш жылда 26 миң гектар жерге суу жеткирүү пландалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз бийлиги беш жыл ичинде 26 миң гектар жерге суу жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын аткаруу планынын алкагында билдирди.

Аталган планга ылайык, айыл чарба жерлерине суу жеткириш үчүн 46 суу чарба долбоорун ишке ашыруу каралган. Анын натыйжасында 66,5 миң гектар жаңы сугат жер өздөштүрүлүп, 51 миң гектар жердеги ирригациялык системалар оңдолот. Анын ичинен жакынкы беш жыл ичинде 25 миң гектар кайракы жерге суу жетиши керек.

Буга чейин 2018-жылга чейинки өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча стратегияда жыл сайын 50 миң гектарга жакын жерди суу менен камсыз кылуу га убада берилип, бирок аткарылбаганы сынга кабылган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG