Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:17

Талиптердин лидери АКШны түздөн-түз сүйлөшүүгө чакырды


"Талибан" тобунун лидери тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсү токтомоюнча Ооганстанда тынчтык болбой турганын билдирди.

18-августта Курман айтка байланыштуу кайрылуусунда молдо Хайбатуула Ахунзаде талиптер "исламчыл максаттарын" жана Ооганстандын эгемендиги маселесинде турумун өзгөртпөй турганын белгиледи. Ал Ооганстандагы согушту токтотуу үчүн АКШ менен түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр экенин айтты.

Талиптер акыркы кездери Ооганстандын бир канча аймагын ээлеп, көзөмөлдү күчөттү. Алар ушул аптада Газни облусундагы беш районду ээледи.

Бир жума мурун талиптердин делегациясы Ташкентке келип, сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлаган. Алардын сапары беш күнгө созулган. Бирок эмне максаттагы сүйлөшүү экени айтылган жок. Расмий Ташкент бул жолугушуу ооган элинин тынчтыгы үчүн уюштурулганын гана билдирген.

XS
SM
MD
LG