Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:51

Tүркияда сот америкалык пасторду бошотуудан баш тартты


Америкалык пастор Эндрю Брансон. 25-июль, 2018-жыл.
Америкалык пастор Эндрю Брансон. 25-июль, 2018-жыл.

Түркиянын Измир провинциясынын соту америкалык пасторго коюлган айыптарды алып салып, аны үй камагынан бошотуу тууралуу арызды четке какты. Эндрю Брансондун кармалышы Түркия менен АКШнын ортосундагы мамиленин чыңалышына түрткү болгон.

17-августта сот эки күн мурда чыккан соттун мурунку чечимин күчүндө калтырып, ага өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берген жок.

Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору Эндрю Брансон 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып, ага "Терроризм" жана "Тыңчылык” беренелери боюнча айып коюлган.

Түрк бийлиги аны "Америкада бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине жардам берген жана күрт жикчилдерин коргогон" деп айыптап жатат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, ал 35 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.

Өзүнө тагылган айыптарды четке кагып жаткан пастор Брансон 25-июлда тергөө абагынан үй камагына чыгарылган.

XS
SM
MD
LG