Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

ИИМ: Эгизбаевдин өлүмүндө криминалдык кийлигишүү жок (видео)


Ички иштер министрлиги.
Ички иштер министрлиги.

“Азаттыктын” журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүндө "криминалдык кийлигишүү болгон" деген версияны учурда тергөө четке кагууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, соттук-медициналык экспертиза "журналисттин өлүмүнө сууга чөккөнү себеп болгон" деген бүтүмгө келген.

Утемисов буга чейин шек жараткан Эгизбаевдин бутундагы шектүү тактар ал каза болгон соң пайда болгонун экспертизага таянып билдирди.

ИИМ өкүлү мындай тактар Уланбектин далысында да болгонун белгилеп, ошондуктан "сөөктү Бишкекке алып келе жатканда пайда болушу мүмкүн" деген божомолун айтты. Буга байланыштуу тергөө азыр "Уланбек Эгизбаевдин өлүмүндө кылмыштын белгилери болгон" деген версияны четке кагып жатат.

Ошондой эле Ички иштер министрлиги Эгизбаевге көзү тирүүсүндө келген бош конверт жана ага телефон чалгандар боюнча териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.

Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдөгү “Акун” пансионатында эс алып жүргөн кезде каза болгон. Коомчулукта журналисттин өлүмүнө кырсык себепкер болгонуна ишенбегендер да бар. (BkA)

XS
SM
MD
LG