Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:01

Бишкек ЖЭБине кымбат көмүр алып келүү маселесин териштирилет


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Мекеме аралык өз алдынча комиссия Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр алып келүү боюнча тендердин жыйынтыгын карайт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Финансы министрлигинин басма сөз катчысы Гүлмира Түгөлбаева кабарлады. Мекеме аралык комиссия тендерге чейинки жана андан кийинки арыз-даттанууларды карап, өз корутундусун чыгарат.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алыш үчүн өткөн тендерде 1 миллиард 206 миллион сом сунуш кылган “Евротранс групп” эмес, 1 миллиард 420 миллион сом сунуш кылган “Рассвет компани” фирмасы утуп кеткенин жазып чыккан. Жеңүүчү "Д", "ДГ" же "Г" маркасындагы 400 миң тонна көмүр менен камсыз кылышы керек.

Энергетиктер тендер комиссиясынын бир мүчөсүнүн нааразылыгы менен жылуулук сезонуна даярдык үзгүлтүккө учурашы ыктымал экенин айтышууда. График боюнча уткан компания 30 миң тонна көмүрдү июль айында, 50 миң тоннасын августта алып келиши керек болчу.

Буга чейин “Электр станциялары” ишканасы ЖЭБге көмүр сатып алууда жогору баа сунуш кылган фирманы тандаган себебин түшүндүргөн. Мекеме тараткан билдирүүдө, төмөн баа сунуш кылган “Евротранс групп” фирмасынын көмүрүнүн калориясы аз экени айтылган. Аны иштетүүдө 48 миң тоннага чейин жоготуу болору, 25 млн. куб газ кошумча жагылары белгиленген. "Натыйжада 520 млн. сомго ашыкча чыгым болот" деп билдирет “Электр станциялары”.

Жалпы кыш сезонуна 1 млн. тоннадай көмүр керектелсе, анын 550 миң тоннасы Кара-Кечеден, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн алынып келет. Калган 400 миң тонна Казакстандан импорттолот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG