Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:29

Бишкек-Нарын жолундагы кош кырсыктан эки адам каза болду


Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.
Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунунун Кочкор районундагы жол кырсыгынан эки адам каза болду.

Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, бүгүн таңга маал "Ауди" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа комбайн менен сүзүшкөн. Бул кырсыктан жабыркагандарга жардам бериш үчүн "Фольксваген Пассат" үлгүсүндөгү автоунаа токтогон.

Анын айдоочусу жабыркагандарга жардам берип жаткан учурда "Мерседес" үлгүсүндөгү үчүнчү машине "Ауди" менен "Фольксваген Пассаттын" айдоочуларын сүзүп кеткен. Кырсыктан эки айдоочу мүрт кеткен.

Мындан сырткары "Аудинин" бир жүргүнчүсү оор абалда ооруканага жеткирилди. (BkA)

XS
SM
MD
LG