Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:51

Мамлекеттик карыз 4 млрд. 411 млн. долларды түздү


Июнь айында Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 411,03 млн. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мунун ичинен тышкы карыз 3 млрд. 809,19 млн. долларды, ички карыз 601,84 млн. долларды түзөт.

Кыргызстандын эң көп бересеси Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет – ага Бишкек 1,7 млрд. доллардан ашуун сумманы төлөшү керек. Бул тышкы карыздын 45% жакынын түзөт.

2018-жылдын январь-июлунда мамлекеттик (тышкы+ички) карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 13 млрд. 305 млн. 300 миңден ашуун сом сарпталды. Анын ичинде:

мамлекеттик тышкы карыз боюнча – 5 млрд. 924 млн. 911,4 миң сом;

мамлекеттик ички карыз боюнча – 7 млрд. 380 млн. 468,4 миң сом.(КЕ)

XS
SM
MD
LG