Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Султан Раевдин “Топон” аттуу китеби жарык көрдү


Сүрөт Султан Раевдин "Фейсбук" баракчасынан алынды.
Сүрөт Султан Раевдин "Фейсбук" баракчасынан алынды.

Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Султан Раевдин “Топон” аттуу китеби жарык көрдү. Китепке “Кашаба” повести, “Топон” романы кирген. Бул тууралуу Султан Раев өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Өткөн жылы “Топон” романы Швецияда, Стокгольмдо өткөн Эл аралык адабият фестивалында дүйнө жүзүнөн конкурска катышкан 200дөн ашуун ири прозанын (повесть, роман) арасында баш байгени жеңип, Нобель сыйлыгынын лауреаты Генрик Сенкевич атындагы адабий сыйлыкка татыган.

Китеп англис, орус тилинде да чыгарылат. Китептин баш сөзүн философия илимдеринин кандидаты, белгилүү сынчы Калык Ибраимов жазды.(КЕ)

XS
SM
MD
LG