Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:19

Рублдин арзандашы теңгеге таасир этти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Улуттук банкы теңгени колдош үчүн интервенция кылууга даяр экенин билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, 9-августта казак улуттук валютасынын курсу 1,6 пайызга түшүп, бир доллар 354,06 теңгени түздү. Буга Орусияга карата санкциялардын катаалдашуусунан улам рублдин арзандашы, мунай баасынын төмөндөшү себеп болууда.

Бейшембиге караганда жума күнү теңгенин курсу бир аз көтөрүлүп, учурда бир доллар 356,5 теңгени түзүп жатат.

Улуттук банк валюта рыногунда байкоо жүргүзүп жатканын кошумчалап, бирок интервенция тууралуу кененирээк маалымат берген жок.

Айдын башында Казакстан Улуттук банкы валюта курстарын эркин коё берүү саясатын колдоп, бул “экономикадагы дисбаланстан качууга жардам берет" деп билдирген.

8-августта АКШ Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу Орусияга санкция салаарын жарыялаган. Бул кабардан кийин бейшемби күнү Орусиянын улуттук валютасы 3,1 пайызга наркын жоготуп, бир доллар 65,55 рублди түзгөн. Бул орус валютасынын 2016-жылдын ноябрь айынан берки эң төмөнкү көрсөткүчү.

XS
SM
MD
LG