Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:32

Сенцовдун абалы «өтө оорлошкону» айтылып жатат


Олег Сенцовдун бөлөсү Наталья Каплан.
Олег Сенцовдун бөлөсү Наталья Каплан.

Үч айга жакын Орусиянын түрмөсүндө ачкачылык кармап отурган, украин режиссеру Олег Сенцовдун абалы кескин начарлап кеткенин анын адвокаты менен бөлөсү билдирди.

Режиссердун Москвада жашаган бөлөсү Наталья Каплан 8-августта "Фейсбуктагы" баракчасына Сенцов түрмөдөн адвокаты аркылуу кат берип жибергенин, анда “абалым өтө начар” деп жазганын чыгарды.

“Ал жакындап калганын жазды – бирок ал мөөнөтү бүтүп калганын эмес, көрөөр күнү, ичээр суусу бүтүп баратканын айтып жатат" деди.

Адвокат Дмитрий Динзе түрмөгө барып, режиссердун абалын көрүп келгенден кийин Сенцов 30 килограммга арыктаганын, тамырынын соккону солгундап, бир мүнөттө 40 жолу кагып калганын билдирди. Ага карабастан, режиссер ачкачылыгын токтотуп, ооруканага жатуудан баш тартты.

Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын Ямало-Ненецк автоном округу боюнча башкармалыгы Сенцовдун абалын “канааттандырарлык” деп баалап, “анын негизги органдарынын иштөөсүнө көмөктөшө турган дарылоо” жүрүп жатканын билдирди.

8-августта Сенцовдун абакта ачкачылык кармап отурганына 87 күн болду.

Сенцов 14-майдан бери Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө ачкачылык кармап отурат.

Анын башкы талабы - Орусиянын абактарынан 64 украиналык саясий айыпкерди бошотуу.

XS
SM
MD
LG