Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Бишкекте активисттер мэр шайлоого каршы митингге чыгышты


Бишкектеги акция. 8-август, 2018-жыл.
Бишкектеги акция. 8-август, 2018-жыл.

Бишкек мэриясынын алдына ушул тапта айрым жарандык активисттер чогулуп, мэр шайлоо жараянына каршы нааразылык билдирип жатышат. Алар баш калаанын башчылыгына шаардык кеңештеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы гана талапкер көрсөткөнүн сындап чыгышты. Акциянын катышуучулары колдоруна шаардык кеңештин депутаттарына нааразылык билдирген жазууларды көтөрүп, алардын тарашын талап кылууда.

Элдин пикири менен эсептешүүнү суранган активисттер шаардык кеңештеги бир катар фракциялардын аталышы жазылган сөлөкөттөрдү да көтөрүп алышкан.

Ушундай эле талап менен алар 6-августта Өкмөт үйүнүн алдында пикетке чыгышкан. Эгер 8-августка чейин талаптары аткарылбаса, ал сөлөкөттөрдү өрттөй турганын айтышкан.

Бүгүн депутаттар калаа башчысын шайлашат. Добуш берүү саат 9:00дө башталары расмий кабарланган.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына Азиз Суракматов жалгыз талапкер болуп катталган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды. (SE)

XS
SM
MD
LG