Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Өзбекстанда "подполковникти өлтүрдү" деген киши өз жанын кыйды


Дилшод Акрамов.
Дилшод Акрамов.

Өзбекстанда милициянын подполковниги Дилшод Акрамовду өлтүргөн киши өз жанын кыйганы кабарланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигиндеги айрым булактар жана Акрамовдун туугандары "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиришти. Аты-жөнү айтылбаган бул шектүү оорукананын терезесинен боюн таштап, андан алган жараатынан мерт болду.

Ички иштер министрлигине караштуу Кайгуул-күзөт кызматы жана коомдук тартипти сактоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Дилшод Акрамов 4-августта иш бөлмөсүндө бычакталып өлтүрүлгөнү белгилүү болгон.

Аны өлтүрдү деп шек саналган киши подполковниктин кол алдында иштеген милиция кызматкери экени аныкталып, ал атайын операциянын жүрүшүндө кармалып, ооруканага жеткирилген. Маалыматтарга караганда, Акрамов да коргонуу үчүн ага эки-үч жолу бычак урууга үлгүргөн.

Шектүүгө карата “Мыкаачылык менен атайылап киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон болчу.

40 жаштагы Дилшод Акрамов аталган башкармалыкка быйыл июлдун башында жетекчи болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG