Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:30

Калктын басымдуу бөлүгү "үй-бүлөлүк зомбулук бар" деп эсептешет 


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы “Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы 10-17-июлда телефон аркылуу жалпы улуттук социологиялык сурамжылоо жүргүздү.

Ага катышкан 738 адамдын 96,3 пайызы үй-бүлөлөрдө "таш боор мамиле, зомбулук бар экенин" белгилешкен. Алар үй-бүлөдөгү зомбулукка жумушсуздук жана материалдык кыйынчылыктар, аракечтик жана баңгилик, калктын билими менен маданиятынын төмөндүгү себеп болуп жатканын көрсөтүшкөн.

Сурамжылоо үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйүн, анын себептерин, жайылган түрлөрүн жана ага көбүнчө кимдер кабылаарын изилдөө максатын көздөдү.

Суроолорго жооп бергендердин 62,6 пайызынын пикиринде, уруп-сабоо үй-бүлөлүк зомбулуктун көбүрөөк кездешкен түрү болуп саналат.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда акыркы алты жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 98 аял каза тапкан. Булардын өлүмүнө жакын адамдары - күйөөлөрү, баладары же туугандары себеп болгон.

XS
SM
MD
LG