Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Помпео: Пхеньян милдеттенмелерин аткара элек


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу боюнча милдеттенмелерин аткарбай жатканын билдирди. 3-августта Сингапурда өтүп жаткан Азиядагы коопсуздук боюнча форумда сөз сүйлөгөн Помпео расмий Пхеньяндын мындай позициясы БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларына каршы келерин эскертти.

Бир күн мурда АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындан кат алганы жана ага жооп кайтарганы белгилүү болгон. Ак үй эки лидердин каттарынын мазмунун ачыкка чыгарган эмес.

Өткөн жумада мамлекеттик катчы Майк Помпео сенаторлордун суроолоруна жооп берип жатып, Пхеньян убадаларына карабастан өзөктүк куралга керектүү материалдарды өндүрүп жатканын айткан. Бул аптанын башында АКШнын чалгын жандоочтору Түндүк Кореядагы кубаттуу баллистикалык ракеталарды чыгарган заводдо иш тынымсыз уланып жатканын аныктаганы кабарлаган.

12-июнда АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери Сингапурда биринчи жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Ал саммиттен кийин президент Трамп Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жараяны “абдан тез башталат” деп жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG