Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Кыргызстанда Бизнес-акыйкатчы институту түзүлөт


Кара-Балта шаарындагы кытайлык инвесторлор ачкан мунайды кайра иштетүүчү завод. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Балта шаарындагы кытайлык инвесторлор ачкан мунайды кайра иштетүүчү завод. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жергиликтүү ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргогон Бизнес-акыйкатчы институту түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, бул демилгени премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көтөрүп жатат. Анын пикиринде, бул институт ишкерлерге юридикалык жактан жардам берүү менен катар көзөмөл мекемелеринин жана ишкерлердин ортосунда көпүрө болот.

Жаңы өкмөт ишке киргенден кийин “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” аттуу программасын жарыялап, ар бир облуска келерки беш жылда кеминде 300 млн. доллар (болжолдуу 20 млрд. сом) инвестиция тартарын жарыялаган. Абылгазиев 2022-жылга карата бизнести жүргүзүү жагынан “Doing Business” көрсөткүчүндө эл аралык рейтингде Кыргызстан 50 мыкты өлкөнүн катарына кирерине ишендирген. Ал "бул үчүн ишкерлерге, инвесторлорго өлкөдө жагымдуу климат түзүлөт" деп убада берген. (ErN)

XS
SM
MD
LG