Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Өкмөт ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү маселесин карады


Ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү маселесин караган өкмөттүн жыйыны.
Ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизүү маселесин караган өкмөттүн жыйыны.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн аппараты кабарлагандай, жыйында премьер-министр бул демилгени ишке ашыруу механизмдерин иштеп чыгууну жана бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен талкуулоону талап кылды. Кеңешмеде экономика министри Олег Панкратов мораторий учурунда ишкерчиликке байланыштуу мыйзамдар кайра караларын билдирди.

Жыйын 2-августта өттү. Мораторий качан киргизилери айтылган жок.

​Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 29-июнда Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында салык жана көзөмөл органдарынын текшерүүлөрүнө мораторий киргизүүнү сунуш кылган. Ал ошондой эле бизнести жүргүзүү жана инвесторлорду тейлөө массалык түрдө санариптик формага өтөрүн да айткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG