Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Орус журналисттер өлтүрүлгөн жерде теле жабдуулар, акча жана документтер табылган жок


Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко
Орхан Жемал, Александр Расторгуев жана Кирилл Радченко

Борбордук Африка Жумуриятынын маалымат министри орусиялык журналисттер мерт болгон жерде эч кандай теле жабдуулар, акча же документтер табылбаганын билдирди. Кол салууда аман калган жергиликтүү айдоочу алардын машинесин тартып алууга аракеттенишкенин, андан кийин жанындагыларды атып салышканын айтып берген. Орхан Жемал, Алекандр Расторгуев жана Кирилл Радченкону дүйшөмбү күнү өлтүрүп кетишкен.

Орусиялык топ “Вагнердин аскердик жеке компаниясы” деген ат менен белгилүү орусиялык кошуундун ал өлкөдөгү жалданма аскерлери жөнүндө документалдуу фильм тартмак.

Версиялардын бирине ылайык, орусиялыктар бараткан машине буктурмага кабылган. Аларга карактоо максатында кол салышканы да айтылууда. Дагы бир божомолдор боюнча маркумдарды туткундап, кийин өлтүрүшкөн. Айрым укук коргоочулар алардын маршруту коопсуз болчу дешет.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги догдурлар маркумдардын денелеринде кыйноолордун белгилерин табышпаганын билдирди. Кылмышты тергөө үчүн Африкага орусиялык адистер жөнөтүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG