Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Фонограмма колдонууга көзөмөл жөнгө салынат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызмат (Кыргызпатент) аткаруучулардын музыкалык фонограммаларын коомдук жайларда колдонуу үчүн акча чогултуу маселесин авторлордун өзүнө жана аткаруучуларга өткөрүп берет.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызпатенттин өкүлү Аскар Нажымудинов билдирди. Анын айтымында, "Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө" мыйзамдын алкагында мекеме бул ишти 1998-жылдан бери убактылуу башка коомдук уюмдарга өткөрүп бергиче аткарып келген.

- Учурда эки уюм бар, алар - Музыкалык фонограммалардын укук ээлеринин ассоциациясы жана Музыкалык фонограммалардын укук ээлеринин бирикмеси. Жакын арада Кыргызпатент жана аталган уюмдардын өкүлдөрү бул боюнча сүйлөшүү өткөрөт.

Нажымудинов фонограмманы колдонуучулар деп бардык телеканалдар, радиостанциялар, кафелер, барлар эсептелерин билдирди. Маселен, кафеде радио жаңырып турса, анда угузулуп аткан ырды колдонгону үчүн кафе ээлери да, радиостанция да акча төлөшү керек. Төлөмдүн көлөмү бир топ жагдайга көз каранды.

“Музыкалык фонограммалардын укук ээлери ассоциациясынын” башчысы Урмат Усенов “Азаттыкка” берген комментарийинде ыр жаратуучулар жыйырма жыл ичинде алгачкы ирет биригип, өз укуктарын коргош үчүн ассоциация түзө алышканын билдирди. Ага өз укуктарын коргоого даяр үч жүздөй композитор, акын, аткаруучулар мүчө болгон.

XS
SM
MD
LG