Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:27

“Электр станциялары” кымбат көмүр сунуш кылган фирманы тандаган себебин түшүндүрдү


Көмүр талкалап жаткан киши. Иллюстрациялык сүрөт.
Көмүр талкалап жаткан киши. Иллюстрациялык сүрөт.

“Электр станциялары” ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр сатып алууда жогору баа сунуш кылган фирманы тандаган себебин түшүндүрдү.

Мекеме тараткан билдирүүдө, төмөн баа сунуш кылган “Евротранс групп” фирмасынын көмүрүнүн калориясы аз экени айтылган. Аны иштетүүдө 48 миң тоннага чейин жоготуу болору, 25 млн. куб газ кошумча жагылары белгиленген. Натыйжада 520 млн. сомго ашыкча чыгым болот, деп билдирет “Электр станциялары”.

Ишкана жеңүүчү катары тандалган “Рассвет компани” жоопкерчилиги чектелген коому сунуш кылган көмүрдүн сапаты талапка ылайык экенин жана кошумча чыгымдарга алып келбей турганын кабарлайт.

Тендер өзү 2-июлда жарыяланып, жыйынтыгы эми чыкты. “Электр станциялары” ишканасы ага 1 миллиард 440 миллион сом койгон эле.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алыш үчүн өткөн тендерде 1 миллиард 206 миллион сом сунуш кылган “Евротранс групп” эмес, 1 миллиард 420 миллион сом сунуш кылган “Рассвет компани” фирмасы утуп кеткенин жазып чыккан. Жеңүүчү "Д", "ДГ" же "Г" маркасындагы 400 миң тонна көмүр менен камсыз кылышы керек.

Жалпы кыш сезонуна 1 млн. тоннадай көмүр керектелсе, анын 550 миң тоннасы Кара-Кечеден, 50 миң тоннасы Таш-Көмүрдөн алынып келет. Калган 400 миң тонна Казакстандан импорттолот. (ErN)

XS
SM
MD
LG