Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:26

"Фейсбук" саясий өнөктүк жүргүзгөн жалган баракчаларды аныктады


"Фейсбук" компаниясы АКШдагы конгрессмендерди шайлоого жүз күндөн аз убакыт калганда социалдык тармакта "саясий таасир этүү өнөктүгүн" жүргүзгөн 32 жалган баракчаны (аккаунт) аныктаганын билдирди. Компания 31-июлдагы билдирүүсүндө бул баракчаларды түздөн-түз Орусияга байланыштарган жок. Бирок жалган аккаунттар колдонгон ыкмалар орус тараптан шектенүүгө негиз берерин белгиледи.

"Фейсбук" жана "Инстаграмдагы" бул аккаунттар өчүрүлдү. Алардын кеминде бирөөнүн 300 миңдей окурманы болгон. Ал баракчалар жарыя кылган 30га чукул саясий иш-чараларга социалдык тармактын жүз миңдеген колдонуучулары кызыгуусун билдиришкен.

Сенаттын Чалгын комитетинин өкүлү, сенатор Марк Уорнер "Фейсбуктагы" бул саясий өнөктүктүн артында Орусия турганынан күмөн санабастыгын айтты. Кремл Америкадагы шайлоого кийлигишпегенин билдирип келет.

"Фейсбук" компаниясы апрель айында бул социалдык түйүндөгү 70 жеке эсеп (аккаунт), 138 баракча жана "Инстаграм" тармагындагы 65 аккаунтту жапкан. Бул баракчалар АКШ "жалган маалыматтарды таратып жатат" деп күнөөлөгөн, "троллдор фабрикасы" атка конгон Орусиядагы "Интернет изилдөөлөр агенттигине" таандык болчу.

XS
SM
MD
LG