Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

ТИМ: 5,6 миң чет элдик жаран электрондук виза алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жай айларынан тартып электрондук виза алыш үчүн кайрылгандар көбөйдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, январь айында 1300дөн ашуун адам электрондук виза алыш үчүн кайрылса, июль айында алардын саны 5600дөн ашкан. ТИМ мындай кадам чет элдик туристтердин өлкөгө келишин жеңилдетип, убакытты жана материалдык чыгымдарды үнөмдөөгө жол ачканын белгилеп жатат. Система ишке киргенден тартып ар кандай категорияда 20 миңден ашуун электрондук визалар берилди.

Кыргызстанга келүүнү каалаган чет элдик жарандар 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып визаны электрондук жол менен ала башташкан.

«Таза коом» долбоорунун алкагында башталган система туристтик жана жумуш визасын Кыргызстандын элчиликтерине жана консулдуктарына кайрылбастан Интернет аркылуу алганга мүмкүнчүлүк түзөт. Ал үчүн Evisa.e-gov.kg дареги аркылуу тиешелүү маалыматтарды жөнөтүү зарыл. (КЕ)

XS
SM
MD
LG