Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:04

Эрдоган Трамптын америкалык пасторду бошотуу талабына жооп берди


Америкалык пастор Эндрю Брансон.
Америкалык пастор Эндрю Брансон.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШ лидери Дональд Трамптын Түркияда үй камагында жаткан америкалык пастор Эндрю Брансонду бошотуу талабына жооп кайтарды.

"Хабертүрк" басылмасы 29-июлда кабарлагандай, Эрдоган өз өлкөсү Кошмо Штаттардын талабына каршы тура алаарын айтып, Трампты "психологиялык согуш" жүргүзүп жатат деп айыптаган. Ошондой эле түрк лидери АКШ мындай мамилесин токтотпосо, "күчтүү жана чынчыл өнөктөшүнөн" айрылып калаарын эскерткен.

26-июлда президент Дональд Трамп эгер Түркия америкалык пасторду бошотпосо, Вашингтон Анкарага "чоң санкцияларды" киргизерин билдирген.

"Ал абдан кыйналды. Динди карманган бул бейкүнөө адам дароо бошотулушу керек",-деп жазган Трамп "Твиттердеги" барагына.

Андан мурда АКШнын вице-президенти Майк Пенс да Түркиядан Брансонду бошотууну талап кылып, болбосо анын кесепетине даяр болууга чакырган.

Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып, ага "терроризм жана тыңчылык” беренелери боюнча айып тагылган. Түрк бийлиги аны Америкада бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине жардам берген жана күрт жикчилдерин коргогон деп айыптап жатат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, ал 35 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Өзүнө тагылган айыптарды четке кагып жаткан пастор Брансон 25-июлда тергөө абагынан үй камагына чыгарылган.

XS
SM
MD
LG