Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:32

Пакистан: Хандын партиясы коалиция түзө аларын билдирүүдө


Мурдагы крикет оюнчусу, "Техрик-е-Инсаф" партиясынын лидери Имран Хан.
Мурдагы крикет оюнчусу, "Техрик-е-Инсаф" партиясынын лидери Имран Хан.

Пакистандагы парламенттик шайлоодо биринчи келген "Техрик-е-Инсаф" партиясынын лидери, оппозициячыл саясатчы Имран Хан коалициялык өкмөт түзүш үчүн жетиштүү сандагы депутаттардын колдоосуна ээ экенин билдирүүдө. 25-июлдагы шайлоодо анын партиясы 269 округдун 115инде жеңишке жетишкен. Бирок коалициялык көпчүлүктү түзүш үчүн талап кылынган 137 мандаттык чекти багындыра алган эмес.

"Калк бизге бийликке келсин деп добуш берди. Кудай буюрса, биз өкмөттү түзөбүз", - деп билдирди партиянын басма сөз катчысы Фавад Чаудхри 28-июлда "Ассошиейтед пресс" агенттигине. Бирок ал башка партиялардын депутаттары менен кандай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ачык айткан жок.

Алдыдагы аптада жаңы шайланган депуттар ант берип, ишке киришкени турушат. Пакистандын Борбордук шайлоо комиссиясы 28-июлда добуш берүүнүн акыркы жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, учурда камакта жаткан мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин "Пакистандын мусулмандар лигасы" 64, киши колдуу болгон мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун уулу Билавал Бхутто жетекчилик кылган "Пакистан элдик партиясы" 43 депутаттык мандатка ээ болду.

Пакистанда бир катар саясатчылар бул шайлоодо добуштар бурмаланганын айтып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышат. Бирок өлкөнүн шайлоо комиссиясы мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG