Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Пакистандагы шайлоодо Имран Хандын партиясы алдыда келатат


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистанда 26-июлда өткөн парламенттик шайлоонун баштапык жыйынтыктарына ылайык, оппозиция лидери Имран Хандын "Техрик-е-Инсаф" партиясы алдыда келе жатат. "Reuters" агенттиги добуштардын 30 пайызы саналып бүткөнүн, Хандын партиясы 272 округдун 113үндө алдыга чыкканын билдирди.

Азыр камакта отурган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин "Пакистандын мусулмандар лигасы" партиясы 66 округда атаандаштарынан озуп чыкканы кабарланууда. Аталган партияны бул шайлоодо Шарифтин иниси Шахбаз жетектеп барды.

Киши колдуу болгон мурдагы өкмөт башчы Беназир Бхуттонун уулу Билавал Бхутто жетектеген "Пакистан элдик партиясы" 39 округда алдыга чыкты.

Мурдагы крикет оюнчусу Хандын тарапкерлери шаршембинин түнүнөн бери эле майрамдап жатышат. Бирок анын партиясы парламентте көпчүлүккө ээ болуу үчүн кеминде 137 округда жеңип чыгышы керек.

XS
SM
MD
LG