Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:05

Кургак учуктун оор формасын дарылоо ийгиликтүү болууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) жардамы менен Кыргызстанда кургак учуктун дарыга туруктуу оор формасына чалдыккан эки кишинин дарыланышы ийгиликтүү ишке ашты. Дагы бир нече оор формадагы туберкулез бейтабы бул жаңы ыкма менен дарыланууда.

USAID 18 ай мурда “Кургак учукту жеңебиз!” деген ураан менен жаңы дарылоо ыкмасын Саламаттык сактоо министрлигине сунуш кылган. Мурда оор дартка чалдыккандар эки жыл бою 14 600 таблетка дары ичип, 240 даана ийне сайдырышчу.

Дарылануунун узак мөөнөтүнөн улам ар бир экинчи бейтап көз жумган. Дүйнөлүк саламаттык уюму сунуш кылган жаңы ыкмада “Бедаквилин” жана “Деламанид” дарылары гана колдонулуп, ар бир бейтаптын жеке дене өзгөчөлүгүнө жараша дозага бөлүнөт.

Азыркы тапта бул дарыларды 350 адам ичип жүрөт. Жылына бул дартка 5 миңден ашуун киши кабылат. (BCh)

XS
SM
MD
LG