Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:36

Кыргызстанда казылган сары таш Өзбекстанга экспорттолот


Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн инвестициялык форум. 21-июль, 2018-жыл.
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн инвестициялык форум. 21-июль, 2018-жыл.

21-июлда Ысык-Көлдө өткөн эл аралык инвестициялык форумда Жалал-Абад облусундагы "Кыргыз мрамор заводу" жоопкерчилиги чектелген коомун Өзбекстан менен чогуу иштетүү тууралуу келишим түзүлдү. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Азаттыкка” билдиргендей, аталган завод "травертин" деген аталыш менен белгилүү болгон сары ташты казып, экспорттой баштайт. Өзбекстанга ага болгон суроо-талап жогору.

- Завод өз өндүрүмүн экспортко чыгарат. Кыргызстанда сары таш, травертин деп атпайбы, ошонун запасы бизде өтө көп. Токтогулда, Ала-Букада, Өзгөндө, Баткенде, Таласта бар. Ошолорду иштетип жаткан компания Өзбекстан менен экспорт тууралуу келишимге кол койду.

Инвестиция тартууну көздөгөн форум ушуну менен бешинчи жолу өттү. Анда Кыргызстандагы инвестициялык климат талкууланып, өлкөнүн өндүрүмүн башка мамлекеттерге экспорттоо боюнча онго жакын келишимге кол коюлду.

XS
SM
MD
LG