Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Путин алгачкы ирет пенсия реформасы тууралуу үн катты


Орусиянын президенти Владимир Путин 19-июлда дипломатиялык корпус менен жолугуп жатат. Москва, 2018-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин 19-июлда дипломатиялык корпус менен жолугуп жатат. Москва, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин алгачкы жолу пенсия курагын жогорулатуу маселесин комментарийледи. Анын айтымында, реформа тууралуу акыркы чечим кабыл алына элек. Бул тууралуу ал Калининградда Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ыктыярчылары менен жолугуп жатып айтты.

Президент бул маселе тууралуу бардык тараптарды угуп чыгууну кааларын кошумчалаганын "Интерфакс" агенттиги жазды.

Путиндин пикиринде, пенсия боюнча мыйзамдарды өзгөртпөсө, иштеп жаткан орусиялыктардын саны ардактуу эс алууга чыккандардын санына теңелип калат. Бирок ал өзүнө жана өкмөттөгүлөрдүн көбүнө бул демилге жакпай турганын билдирди.

Орусияда пенсияга чыгуу курагын жогорулатууну караган өкмөттүн сунушун бейшембиде Мамлекеттик думанын депутаттары биринчи окууда кабыл алды.

14-июнда пенсия курагын көтөрүү чечимин премьер-министр Дмитрий Медведев өкмөттүн жыйынында жарыялаган. Ал билдиргендей, сунуш кылынып жаткан планга ылайык, өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт. Натыйжада 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгышы керек.

Азыр Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат. Ал эми эркектердин орточо жашоо курагы 65 жаш.

XS
SM
MD
LG