Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Трамп: Орусияга карата эң катаал президент мен болдум


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Хелсинки, 16-июль, 2018-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Хелсинки, 16-июль, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен 16-июлда Хелсинкидеги басма сөз жыйынында учурунда жасаган айрым билдирүүлөрү үчүн мекенинде оппоненттеринин, союздаштарынын, медианын айыптоосуна жана кескин сынына кабылган Дональд Трамп америкалык телеканалдар менен болгон соңку маектеринде Орусия менен карым-катыш орнотуунун туура экенин улам-улам белгилеп жатат.

- Орусияга карата көптөгөн жылдар ичинде кайсы президентти албагыла, эң катаалы мен болдум. Балким мендей катаал эч ким болбосо керек. Ал түгүл мына Германия менен катуу урушуп жатам. Алар Орусиядан энергияны, жаратылыш газын миллиарддаган долларга сатып алып жаткан учурда, биз кайра миллиарддаган доллар коротуп, аларды Орусиядан коргошубуз керек экен. Мен киргизген санкцияларды, мен чыгарган дипломаттарды (санын) карагыла! Мындайды эч ким жасаган эмес. Путин менен тил табышуу терс эмес, оң иш. Эгер бул эми оңунан чыкпай калса, мен анда Путиндин эң каардуу душманы болом, - деди Кошмо Штаттардын президенти 19-июлда CBNC телеканалына берген маегинде.

Буга чейин Трамп Путинди Вашингтонго быйыл күздө чакыруу ишин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтонго тапшырганын, бул боюнча талкуулар жүрүп жатканын Ак үйдүн расмий өкүлү Сара Сандерс 19-июлда кабарлаган.

Трамп өзү "Твиттердеги" баракчасында Путин менен апта башында болгон саммитин “чоң ийгилик” деп баалады. Ага катар Хелсинкидеги кездешүүдө сөз болгон айрым идеяларды талкуулаш үчүн “биздин экинчи жолугушууну чыдамсыздык менен күтөм” деп да белгилеген.

Ушул эле күнү Москвадан президент Путин да Трамп менен болгон саммитин “абдан ийгиликтүү” деп сыпаттады. Ал АКШда айрым бир күчтөр Орусия менен Кошмо Штаттардын мамилесин ички саясий максатта садага чабууга умтулуп жатат деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG