Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Үмөталиева: Жээнбековду саясий мунапыс жарыялоого чакырдым


Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

Өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева президенттин жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушуусунда Сооронбай Жээнбековду саясий мунапыс жарыялоого чакырды. Бул тууралуу ал 20-июлда “Азаттыкка” билдирди:

- "Элдин башын кошуш үчүн биринчи кезекте саясий мунапыс кабыл алыңыз" дедим. "Президенттикке талапкер болгон саясий оппоненттер, азыр сыртта жүргөн Өмүрбек Бабанов менен жолугуңуз" дедим. Конгантиевдин иши токтоду. "Анын ишин саясий негизде камакка алынган жигиттердин, маселен, Текебаевдин ишине салыштырсак асман менен жердей. Анда ошолордун иши дароо токтотулушу керек болчу" дедим. Ырайым суроого эч ким барбайт.

19-июлда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 40ка жакын укук коргоочулар менен активисттерди кабыл алып, төрт саат сүйлөштү. Ал өлкөдөгү негизги маселелерди чечүүдө аларга таянгысы келерин айтты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабанов былтыркы президенттик шайлоодо Жээнбековдун башкы атаандашы болгон. Шайлоодон кийин ага "Бийликти басып алууга даярдык көрүү", "Массалык башаламандык уюштуруу”, “Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу", "Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал өлкөдөн чыгып кеткен.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев "Коррупция" беренеси менен айыпталып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Азыр ал түрмөдө.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев "2010-жылдын 6-апрелинде басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү менен 7-апрелде Таласта элге курал колдонулушуна себепчи болгон" деп айыпталган. Жакында анын бул иши сотко жетпей жабылды. Ошондон кийин Конгантиев Жээнбеков былтыр президенттикке ат салышып жатканда анын жигердүү тарапкерлеринин бири болгону коомчулукта ар кандай талкуу жараткан.

Токтайым Үмөталиева саясий мунапыс жарыялоо тууралуу кайрылуусун эл аралык уюмдарга да жөнөткөнүн айтууда.

XS
SM
MD
LG