Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:00

Президент жарандык коом өкүлдөрүнө кызмат сунуш кылды


Жарандык коом өкүлдөрү Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда.
Жарандык коом өкүлдөрү Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-июлда жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушууда айрым активисттерге кызмат сунуш кылды.

Жолугушууга катышкан "Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" мүчөсү Адил Турдукулов "Фейсбуктагы" баракчасына жазганына караганда, мамлекет башчы укук коргоочу жана жарандык активист Рита Карасартовага президенттик аппараттын бөлүмүн жетектөөнү, Темирлан Ибраимовго патрулдук милицияны реформалоо боюнча комиссияны, ЖКнын мурдагы депутаты, саясатчы Равшан Жээнбековго Реформаларды жүргүзүү боюнча улуттук кеңешти башкарууну сунуш кылды. Жолугушууда Равшан Жээнбеков ошондой кеңеш түзүп, системалуу иш алып баруу боюнча демилге көтөргөн.

Буга чейин Рита Карасартова көп убактан бери дайындалбай турган аппарат башчылыгына өзүнүн талапкерлигин сунуш кылган болчу. Укук коргоочу акыйкатчы болуш үчүн документтерин тапшырган. Бул кызмат анын жан дүйнөсүнө жакыныраак экенин билдирди.

19-июлда президент Сооронбай Жээнбеков 40ка чукул жарандык коом өкүлү менен жолугушуп, пикир алмашты. Анда негизинен сот, укук коргоо органдарын реформалоо, коррупция боюнча маселелер көтөрүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG