Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:25

Британия Скрипалдарды ууландыргандарды аныктады


Британ полициясы Сергей Скрипалдын үйүн кайтарууга алган учур. 3-апрель, 2018-жыл.
Британ полициясы Сергей Скрипалдын үйүн кайтарууга алган учур. 3-апрель, 2018-жыл.

Британ тергөөчүлөрү Орусиянын мурдагы чалгын агенти Сергей Скрипаль менен анын кызын “Новичок” заты менен ууландырганы үчүн шектүүлөр аныкталды деген ишенимде турганын жергиликтүү "Press Association" деген агенттик кабарлоодо.

Бул агенттик тергөөнүн жүрүшүнөн кабары бар булактарга шилтеме жасап жазганына караганда, эки адамды өлтүрүү аракетине бир нече орусиялык тартылган.

Шектүүлөр ошол окуя болгон учурда Британияга сырттан кирген адамдар менен алардын коопсуздук камераларына тартылган сүрөттөрүн текшерүү аркылуу аныкталган.

Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлия Солсбери шаарында быйыл март айында ууландырылган.

Расмий Лондон алар СССРде жасалган "Новичок" деген химиялык зат менен ууландырылганын айтып, "кол салууну Москва уюштурду" деп ырастап келатат.

Буга жооп чара катары Британия өзү Орусиянын 20га жакын, АКШ 60, калган Батыш өлкөлөрү да бир нече дипломатын чыгарган.

Орусия болсо Британиянын дооматтарын четке кагып, жооп катары Батыш өлкөлөрүнүн бир топ дипломаттарын өз аймагынан чыгарып жиберген.

Уулангандан кийин комага түшкөн Скрипалдар ооруканага жатып, дарыланып чыгышты. Алардын окуясынан кийин Британия химиялык курал боюнча эл аралык чектөөлөрдү күчөтүү багытында аракет көрүп, жакында Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун ыйгарым укуктары кеңейтилишине жетишкен.

Өткөн айдын соңунда британ бийлиги Солсбериден алыс эмес Эймсбери шаарында “Новичоктон” дагы эки жергиликтүү тургун ууланганын жарыялаган. Алардын бири ооруканада каза болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG