Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:43

Түркия: америкалык пастор камакта калды


Америкалык дин кызматкери Эндрю Брансон, 20-май, 2017-жыл.
Америкалык дин кызматкери Эндрю Брансон, 20-май, 2017-жыл.

Түркиянын соту шаршембиде "терроризмге жана тыңчылыкка” шектелген америкалык дин кызматкери Эндрю Брансонду камакта калтырууну чечти. АКШ бийлиги Анкараны аны бошотууга үндөп келет.

Түркияда жыйырма жылдан ашуун жашаган христиан пастор Америкада бозгунда жүргөн түрк динаятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышта деп айыпталган. Брансонго ошондой эле Түркиядагы күрт жикчилдерин коргогон деген кине коюлган. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, 35 жылга чейин эркинен ажыратылыш мүмкүн.

Америкалык пастор өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Кийинки сот жыйыны 12-октябрга белгиленди.

Былтыр сентябрда түрк бийлиги эгер АКШ Гүленди Анкарага өткөрүп берсе, Брансон бошотуларын билдирген.

Брансон аялы Норин экөө 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынган.

XS
SM
MD
LG