Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:42

Абдылдаев: “Маариф” боюнча Түркиянын сунушу каралууда


Эрлан Абдылдаев.
Эрлан Абдылдаев.

Түркиянын “Маариф” фондун ачуу боюнча сунушунун негизинде меморандум долбоору каралууда. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. Министрдин айтымында, Кыргызстан бул сунушту конструктивдүү негизде карап жатат.

Абдылдаев “Сапат” мектептерин Кыргызстандын Билим берүү министрлигинин көзөмөлүндө турган жана мыйзамдарга ылайык иш алып барган мекеме деп атады.

“Бул мектептер толугу менен Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеп жатат. Эч кандай маселе жок деп айтып жатабыз. Эгер түрк тараптан суроолор болсо аны Кыргызстандын мыйзамдарына жана эки тараптуу макулдашууларга ылайык карап чыгууга даярбыз”, - деди Эрлан Абдылдаев.

Буга чейин Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Түркия “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерине альтернатива катары Кыргызстанда “Маариф” аттуу окуу мектептерин сунуш кылганын жана расмий Бишкектен жооп күтүп жатканын билдирген.

Түркияда 2016-жылы болгон төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Кыргызстан мындай сунушту четке кагып, “Себат” билим берүү мекемеси былтыр “Сапат” болуп өзгөргөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG