Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

Пакистанда аза күтүү жарыяланды


"Терик-ин Инсаф" партиясынын лидери Имран Хан чабуулда курман болгон талапкер Сираж Раисанинин жакындарына көңүл айтууда. 15-июль, 2018-жыл.
"Терик-ин Инсаф" партиясынын лидери Имран Хан чабуулда курман болгон талапкер Сираж Раисанинин жакындарына көңүл айтууда. 15-июль, 2018-жыл.

Пакистан шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда коюлган чабуулдарда курман болгондорду эскерип, аза күтүп жатат.

Өлкөнүн бийлиги 15-июлда билдиргендей, өткөн жуманын соңунда Пешавар шаарынын тегерегиндеги кандуу кол салууларда 160тан ашуун киши жарыкчылык менен коштошуп, кеминде 230дай адам жарадар болду.

Карасанатайлык менен коюлган чабуулдар шайлоо алдында кырдаалды курчутту. Буга экс-премьер-министр Наваз Шарифтин камакка алынышы да кошумча болду. Коррупцияга байланыштуу айыпталып, 10 жылга кесилген Шариф кызы менен Лондондон кайтып келгенде Лахор аэроптортунда кармалып, камакка алынды.

Жума күнү Балужистан провинциясынын Мастунг районунда өтүп жаткан иш-чарада жанкечти өзүн жардырып, кеминде 140 киши өлдү. Алардын арасында шайлоого талапкер болуп катышып жаткан Сираж Раисани да курман болду.

XS
SM
MD
LG