Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:49

Кылмыш кылган балдардын 80% ата-энеси миграцияда жүрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдын алгачкы алты айында Кыргызстанда өспүрүмдөр жана балдар аралашкан 600дөн ашуун кылмыш иши катталган. Анын 400дөн ашууну ата-энеси иш издеп миграцияга чыгып кеткен үй-бүлөнүн балдары экенин “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын балдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, полковник Марат Сапаев билдирди.

- Тартип сакчылары кылмыштын алдын алуу үчүн үймө үй кыдырып, ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды каттоого алууда. Бирок өздүк курамдын күчү баарын эсептегенге жетпей жатат. Ушундан улам бул көйгөй улам күч алууда , - деди Марат Сапаев.

ЮНИСЕФтин эсеби боюнча кыргызстандык 259 миң баланын ата-энеси чет жактан жумуш издеп кеткен. (BCh)

XS
SM
MD
LG