Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Башкы прокуратура Конгантиевдин ишинин кыскарышын иликтей баштады


Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.

Башкы прокуратура президенттин тапшырмасы менен мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) өзүнө өткөрүп алды. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемеси кабарлады.

“Молдомуса Конгантиевге Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен 2010-жылы козголгон кылмыш иши учурда изилденип жатат. Иш боюнча кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө изилдөөдөн кийин тиешелүү баа берилет”,-деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, анын жыйынтыгына укуктук баа берүүнү 12-июлда тапшырган. Анын алдында Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен кыскарып кеткени ачыкка чыккан. Кийинчерээк муну УКМК да ырастаган.

2010-жылдагы апрель окуяларындагы аракеттерине байланыштуу Конгантиевге козголгон кылмыш ишинин кыскарышын экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров менен экс-президент Роза Отунбаева айыптап чыгышкан.

Башкы прокуратура ал кезде Конгантиевге 2010-жылы “6-апрелдеги басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзү менен 7-апрелде Таласта элге курал колдонулушуна себепчи болгон" деген айып таккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG