Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:13

"Новичок" менен ууланган британиялык адам эсине келди


Британия.
Британия.

Англияда «Новичок» тобуна кирген зат менен ууланган Чарли Роули эсине келди.

Солсбери ооруканасынын догдурлары 45 жаштагы Роулинин абалы оор экенин, анын өмүрүнө коркунуч дагы эле бар экенин билдиришти. Британ бийлиги Солсбери жана Эймсбери шаарларынын жашоочуларын көчөдөн шприц же башка ошол өңдүү нерселерди көрсө кармабоого үндөдү. Ошол эле маалда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү калк үчүн коркунуч аз экенин белгилешти.

Роули менен кошо нервди шал кылчу зат менен ууланган Дон Стөржес бейтапканада көз жумганы 9-июлда белгилүү болгон. Ошондон кийин полиция "Киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Март айында Солсбери шаарында орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль кызы менен кошо ууландырылган. Британ бийлиги алар Орусияда жасалган «Новичок» затына туш болгонун жана кол салуунун артында Москва турганын айтып келди. Орусия бул дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG