Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:23

Орусия: Мигранттарды каттоо мыйзамы катаалдашты


Москвадагы базарлардын бириндеги полициянын рейди. 30-июль, 2013-жыл. Архивдик сүрөт.
Москвадагы базарлардын бириндеги полициянын рейди. 30-июль, 2013-жыл. Архивдик сүрөт.

Орусияда эмгек мигранттарын каттоо эрежелерин катаалдаштырган мыйзам күчүнө кирди. 27-июнда президент Владимир Путин кол койгон документке ылайык, эми мигранттар иштеген жери боюнча каттоого тура албайт.

Аларды каттоо жашаган жери боюнча гана жүргүзүлөт. Буга чейин жумуш берүүчүлөр мигранттарды иштеген жеринин юридикалык дареги менен каттоого укуктуу болчу.

Көптөгөн эксперттер жаңы эрежелер "ишке ашпайт жана көптөгөн мигранттар Орусияда көмүскө жашоого өтөт" деген божомолдорун айтып жатышат. Ошол эле маалда бул мыйзам "полицияга мигранттарды коркутуу менен алардан акча алууга кошумча өбөлгө болот" деген пикирлер көп.

Учурда Орусиядагы чет элдик мигранттардын саны 9 миллион адамдын тегерегинде. Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, булардын 640 миңден ашыгын кыргызстандыктар түзөт.

XS
SM
MD
LG