Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:05

Пакистандын мурдагы премьер-министри 10 жылга кесилди


Наваз Шариф.
Наваз Шариф.

Пакистандын антикоррупциялык соту мурдагы өкмөт башчы Наваз Шарифти 10 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекет эсебине өткөрүүнү буйруду. Чечим 6-июлда чыкканын анын адвокаты Музаффар Аббас билдирди.

Шариф азыр Пакистанда эмес. Ал Лондондо, ооруканада жаткан аялынын жанында экени болжолдонууда.

Мурдагы өкмөт башчы коррупция боюнча айыпталып, былтыр кызматтан кетирилген. Тагыраагы кызы жана уулу оффшор аркылуу өлкөдөн каражатты чыгарып, Лондондо кымбат баалуу мүлк сатып алганы белгилүү болгон.

Анын кызы Мариям жети жылга, уулу Сафдар бир жылга эркинен ажыратылганы кабарланды.

67 жаштагы Наваз Шариф өзүнө жана балдарына коюлган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп баалап жүрөт.

XS
SM
MD
LG